Сот 11 журналисттин ишин кароону кийинкиге калтырды
RU

Сот 11 журналисттин ишин кароону кийинкиге калтырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 3-октябрда Ленин райондук сотунда Темиров Live жана "Айт, айт десе" долбоорлору менен кызматташкан 11 журналисттин иши боюнча кезектеги соттук отурум болду.

Бүгүнкү сотто журналисттер акыркы сөзүн айтып, соттун өкүмү да чыгышы күтүлүп жаткан. Сот башталгандан жарым сааттан кийин судья отурумду кийинкиге калтырып, 10-октябрь саат 09:30га белгиледи.

Судья Кылычбек Истамкулов түштөн кийин башка отуруму бар болгондуктан, убактысы чектелүү деп түшүндүрдү.

Белгилесек, соттук отурумга жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана айыпталуучулардын жакындары барышты. Бирок Сот департаментинин өкүлдөрү батпай калгандарды сот залынан чыгарууну талап кылышты.

Талаш-тартыштан кийин ЖМК өкүлдөрү залдан чыгууга аргасыз болушту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17557