Нарында 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
RU

Нарында 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 1-октябрда саат 14:07де Кыргызстандын аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. ӨКМдан билдиришкендей, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жердин силкинүүсү Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Үгүт, Ак-Кыя, Көк-Жар айылдарында 3,5 балл, Жаңы-Талап, Байгенчек айылдарында 3 балл, Ак-Талаа, Кара-Ой айылдарында 2,5 баллга (Үгүт айылынан 4 чакырым түндүк батышта, Баетов айылынан 22 чакырым түндүк батышта) чейин сезилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17538