"Унаа" агенттигине жаңы директор дайындалды
RU

"Унаа" агенттигине жаңы директор дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Рустам Жокоев Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин ("Унаа") директорунун милдеттерин аткаруудан бошотулду.

Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, тиешелүү тескемеге Садыр Жапаров кол койду.

Өлкө башчынын башка жарлыгы менен Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп Улан Карыпбеков дайындалды.

24-сентябрда УКМКнын кызматкерлери Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Рустам Жокоевди кармаганы белгилүү болгон. Биринчи Май райондук соту аны бир айга УКМКнын СИЗОсуна камакка алган. Кийинчерээк Садыр Жапаров Рустам Жокоевдин кармалышы боюнча комментарий берген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17536