Сокулукта баасы 267 млн сомдон ашкан дене тарбия комплекси мамлекеттик баланска өттү
RU

Сокулукта баасы 267 млн сомдон ашкан дене тарбия комплекси мамлекеттик баланска өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулук районундагы "Аю" дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекси мамлекеттин менчигине кайтарылды. УКМКнын маалыматында комплекстин баасы 267 млн сомдон ашат.

Маалымдалгандай, жалпы аянты 2223,45 чарчы метр (базар баасы 267 млн 639 миң сом) болгон комплекстин ордунда мурда бассейн болгон. Ал 2010-жылы ден соолукту чыңдоо борбору катары реконструкцияланган.

"Аю" холдингдин уюштуруучулары жүргүзгөн иштердин натыйжасында аталган объект ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди.

Учурда УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иш-чараларды улантууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17529