Президент кыргызстандыктарды Карылар күнү менен куттуктап, пенсия көтөрүлгөнүн айтты
RU

Президент кыргызстандыктарды Карылар күнү менен куттуктап, пенсия көтөрүлгөнүн айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 1-октябрь – Карылардын эл аралык күнү белгиленүүдө. Өлкө башчы Садыр Жапаров кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктады.

"Ардактуу аталар, кымбаттуу энелер! Улуу муунга кам көрүү биздин абийирибиздеги милдет жана ар-намыс экенин жакшы түшүнөбүз. Ата-бабаларыбыздан келаткан нарк-насилди сактап, улууларды баалап-барктоого бар күчүбүздү жумшайбыз.

Биздин улгайган жарандарга карата мамлекеттик саясатыбыз адам укуктарын ишке ашыруу жаатындагы ратификацияланган эл аралык келишимдерге, Конституциябыз баш болгон мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылып келет", - дейт ал.

Президент белгилегендей, улуу муундун өкүлдөрүнүн коопсуз коомдо кадыр-барктуу өмүр сүрүүсүн, мамлекеттин өнүгүүсүнө толук кандуу катышуусун камсыз кылуу максатында активдүү иш-чаралар күч алууда.

"Мамлекет мындан ары да улуу курактагы адамдар үчүн татыктуу, туруктуу жана канааттандырарлык келечекти камсыз кылуу маселелерин чечүү боюнча тынымсыз иш алып барууда.

Ата-апаларыбызды татыктуу пенсия менен камсыздоо аракеттери акыркы үч жылда чоң көрсөткүчкө жогорулады. Алсак, 2022-жылы пенсиялар орточо 33%га көбөйсө, 2023-жылы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 30 миң сомго чейин, ал эми пенсиялар 38%га жогорулады. 2024-жылы пенсияларды эки этап менен жогорулатып, октябрь айынан тарта өлкөдөгү эң аз пенсияны 6900 сомго жеткирүү тапшырмасын койгом. Бул тапшырманын негизинде 1-июлдан тартып пенсиялар пенсиянын толук базалык бөлүгүнө чейин, тагыраагы 3170 сомго жеткирилген. 2024-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18%га жогорулап, эң минималдуу дегенде 1000 сомдон кем эмес суммага көбөйүп, минималдуу пенсия 6900 сомду түзөт.

Урматтуу аталар жана апалар! Буга чейинки басып өткөн өмүр жолуңуздарда өлкөбүздүн, кийинки муундун жаркын келечеги деп кылган кызматыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем. "Карынын сөзү – акылдын көзү" деген накыл кеп сымал, сиздердин берген кеп-кеңешиңиздер азыр да биз үчүн абдан баалуу.

Жашооңуздардын ар бир күнү жакындарыңыздардын жылуулугу менен толуп турсун! Ар дайым ата-бабаларыбыздан калган нарк-насилди нускоочу тирегибиз болуп жүрө бериңиздер. Сиздерге чың ден соолук, узак өмүр, бакубат турмуш каалайм! Бар болуңуздар!", - деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17528