Чүй облусунда фармацевтикалык завод ачылды
RU

Чүй облусунда фармацевтикалык завод ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров 30-сентябрда Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Сокулук районундагы "Биовит" фармацевтикалык заводдун ачылыш аземине катышты. Бул туурасында президенттин администрациясынан кабарлашты.

Белгиленгендей, "Биовит" ишканасынын аймагында 2019-жылдан баштап долбоорлонуп, курулган жаңы завод жогорку сапаттагы инфузиялык эритмелерди, инъекциялык ампулаларды жана көз тамчыларын чыгарууга багытталган бул ишкана эл аралык GMP стандарттарына ылайык келет.

Жаңы фармацевтикалык завод 4500 чарчы метр аянтты ээлейт, ал жерде вентиляциялык өндүрүш системасы туташтырылган, негизги жабдуулар алынып, бардык кампалар эл аралык стандарттарга ылайык жабдылган.

Садыр Жапаров бул жерде элдин саламаттыгына кам көрүү маселеси тургандыктан, завод Италиянын, Германиянын, Түштүк Кореянын жана башка алдыңкы өлкөлөрдүн заманбап жабдуулары менен жабдылганын баса белгиледи.

Бул долбоор ишкананын өздүк каражаттарынын жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун насыя линиясынын эсебинен ишке ашырылды.

Мамлекет башчысы жакында эле Ош шаарында инсулин шприцтерин чыгаруучу завод ачылганын жана ал ишке кирери менен жүздөгөн миллион даана шприцтерди экспортко чыгарууга буйрутма алынганын эске салды. Мурда өлкө мындай шприцтерди импорттоого муктаж болуп келген.

"Садыр Жапаров өндүрүлгөн продукциянын көлөмү өлкөнүн муктаждыгын толук камсыздап, экспортко да чыгарына үмүт артууда. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, завод жылына 18 миллион литр инфузиялык эритмелерди, 57 миллион инъекциялык ампулаларды жана 31 миллион флакон көз тамчыларын чыгараары күтүлүүдө. Ал өз сөзүндө ар бир ишкана курулган сайын жаңы жумуш орундары пайда болорун, ал эми бул заводдун ишке кириши менен 100гө жакын жаңы жумуш орундары түзүлөрүнө басым жасады", - деп маалымдалат.

Мамлекет башчы дары-дармектердин баасы төмөндөй турганын айтып, оорулардын түрлөрү көбөйүп жаткан бүгүнкү заманда мындай ишкананын курулушу менен элдин дары-дармектерге жеткиликтүүлүгү камсыздалат, деген ишенимин билдирди.

]

Ачылыш аземден кийин президент дары-дармектердин өндүрүш процесси, сапатты көзөмөлдөө лабораториясы, даяр продукцияларды жана чийки заттарды сактоо кампалары, ошондой эле таңгактоо жана стерилдөөчү жайларды көрүп чыкты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17527