Аскар Акаев Жогорку Кеңештин чечимине реакция кылды
930
Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Жогорку Кеңештин анын экс-макамын кайтаруудан баш тартуу чечими боюнча комментарий бербей турганын айткан. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазат.
"Мен парламенттин иши жана аракеттери боюнча комментарий бербейм", - деген Акаев телефон аркылуу сүйлөшүүдө.
Белгилесек, Акаевдин экс макам боюнча кайрылуусу Жогорку Кеңешке 3-сентябрда түшкөн. Бул маселени парламент 25-сентябрда карап, Акаевдин өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартылган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://m.kaktus.media/17490