"Манас" аэропортунда бомба изделип, эл эвакуацияланууда
RU

"Манас" аэропортунда бомба изделип, эл эвакуацияланууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 26-сентябрда "Манас" аэропортуна бомба тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу маалыматты Kaktus.media редакциясына аэропорттун басма сөз кызматы тастыктады.

Учурда аймак курчоого алынып, жүргүнчүлөр жана аэропорттун кызматкерлери эвакуацияланды, бирок учактардын учуулары токтотула элек. Окуя болгон жерде укук коргоо кызматкерлери иштеп жатышат.

Эскерте кетсек, бул аэропорттогу бомба тууралуу биринчи маалымат эмес. Акыркы билдирүү 14-сентябрда келип түшкөн, ал жалган болуп чыкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17488