Камчыбек Ташиев тик учак менен Ош-Ноокат жолун оңдоо иштерин көрдү
RU

Камчыбек Ташиев тик учак менен Ош-Ноокат жолун оңдоо иштерин көрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош-Ноокат унаа жолундагы оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

УКМК жетекчиси тик учак менен иш жүрүп жаткан аймакты айланып өттү. Буга чейин ал иштин жүрүшүнө нааразы экенин билдирип, Транспорт министрлигине октябрь айынын аягына чейин жолдорду оңдоо жана көпүрө куруу иштерин бүтүрүүнү тапшырган.

Эске сала кетсек, эл аралык маанидеги Ош-Ноокат-Раззаков унаа жолун реконструкциялоо иштери былтыр башталган. Ал эки этапта ишке ашырылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17487