Кыргызстанга келген түркиялык блогерлер ВИП вагондор менен саякатташты
RU

Кыргызстанга келген түркиялык блогерлер ВИП вагондор менен саякатташты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түрккиялык блогерлердин ири делегациясы Балыкчы-Токмок багытындагы поезд менен Кыргызстандын кооз жерлерин кыдырып, кызыктуу саякатка чыгышты.

"Кыргыз темир жолу" ишканасынан белгилешкендей, коноктор ВИП жана ВИП-купе вагондору менен сапарга чыгышты.

"Түрк блогерлери бул саякаттан алган таасирлери менен көп миллиондук аудиториясы менен бөлүштү. Бул болсо чет өлкөлүк саякатчылардын Кыргызстандагы уникалдуу пейзаждарга жана анын меймандостугуна болгон кызыгуусун арттырууга жардам берет", - дешет ишканадан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17483