Ошто Ташиевдин атын пайдаланып, алдамчылык кылганга шектүүлөр аныкталды
RU

Ошто Ташиевдин атын пайдаланып, алдамчылык кылганга шектүүлөр аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто ишкерлерди алдап, чоң суммадагы акчаларын ээлеп алганга шектелип эки адам кармалды. УКМКдан кабарлашкандай, кармалгандар Камчыбек Ташиевдин атын жамынып, кылмыш кылып жүрүшкөн.

"Ош облусунун А.М. жана Н.У.С. аттуу тургандары УКМК төрагасынын атын пайдаланып, жеке ишкерлердин ири суммадагы акчасын алдоо жолу менен ээлеп алышкан. Мындан тышкары Ош облусунун тургуну М.Ш.га тиешелүү болгон Ош шаарындагы батирдин бир бөлүгүн жасалма документтер менен мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Учурда кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, дагы башка фактыларга катыштыгын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17454