Бишкекте самокат менен мопеддерге тыюу салынышы мүмкүн. Жаңы эрежеге макулсузбу?
RU

Бишкекте самокат менен мопеддерге тыюу салынышы мүмкүн. Жаңы эрежеге макулсузбу?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутаттар Бишкекте самокат менен мопедге убактылуу тыюу салууну сунуштап жатышат. Мындай сунуш мэрия бул транспорттун түрүнө шарттарды түзгөнгө чейин берилип жатат. Kaktus.kg редакциясы сунуш боюнча жарандардын оюн билип көрдү.

"Жол эрежелерин сакташпайт"

Сурамжылоого катышкан жарандардын дээрлик бардыгы мэрия мопед, скутер жана электросамокаттарга шарттарды түзмөйүнчө аларга чектөө киргизүүгө макул. Себеби, ал транспорттун түрүн колдонуучулардын көпчүлүгү жол эрежесин билишпейт. Ушуга байланыштуу кырсыктар болуп жатат.

"Өзүбүздүн шаарыбыз тар. Бишкекте унаалардын саны көп. Алар жөө жүргүнчүлөр баскан жерде эрежеге туура келбегендей айдап жатышат. Мен депутаттардын бул демилгесин колдойм", - дейт бири.

Дагы бир тургундун айтымында, мопед менен электросамокаттарды колдонууга уруксат берүү алдында мэрия шарт түзүшү керек болчу. Алар жөө жүргүнчүлөр эле эмес, айдоочуларга да тоскоолдук жаратып, кырсыкка шарт түзүүдө дейт.

"Алар айдоочуларга да тоскоолдук жаратып, каршы тилкеге чейин чыккандар болуп жатат. Самокаттын айынан мен да кырсыктап эми жакшы болдум. Ошондуктан мыйзам кабыл алыш керек", - деп эсептейт жаран.

Самокат менен жүргөн жаштар болсо кандай эреже кабыл алынса да баш иерин белгилешти. Алар азыр тартип жок болгону үчүн башаламан болуп, кырсык көп болуп жатат дешет. Эгер, мыйзам күчүнө кирип, эреже бекисе - кандай эреже болбосун аткарабыз дегендер да болду.

"Ар ким ар кандай айдайт. Айрымдары абдан катуу ылдамдык менен жүрүшсө, башкалары жол эрежелерин сакташпайт. Ошондуктан кандай эреже кирсе да туура деп, ага баш ийем. Жаштардын көпчүлүгү азыркы жол тыгындарында керектүү дарекке эрте жана арзан жетүүнүн жолу катары кабыл алат да. Аларды да азыркы тыгында түшүнүшүбүз керек", - дейт дагы бири.

Бир жылда ооруканага 187 киши кайрылган

Шаардык оорукананын башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков убакыт өткөн сайын мопед, самокаттардан жабыркап, ооруканага кайрылгандардын саны өсүп жатканын айтты. Анын айтымында, 2023-жылы шаардык ооруканага самоттан жыгылып же самокат сүзүп кеткен 187 киши кайрылган.

"Анын 18ине операция жасалды. Алардын арасында колу, буту, акыреги сынгандар жана мээси катуу чайкалгандар бар. Ал эми эти жанчылган 160 адам амбулатордук жардам алып кеткен.

Бул абдан чоң сандар. Бул Бишкектин ичиндеги эле кырсыктар. Ошого ылайык, буга бир чара көрүлүш керек", - дейт башкы дарыгер.

Самокат менен бараткан адам сүзүп, ооруканага оор абалда кайрылгандар да болот. Дарыгердин айтымында, мындай кырсыктан улам жандандыруу бөлүмгө да жатып калгандар бар.

Кандай тартип сурушталып жатат?

Эсиңиздерде болсо бул маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, президент ага кол койгон. Бирок президент кол койгон токтомго ылайык, кайгуул кызматы самокат же мопед, жалпы скутер айдап жүрүп эреже бузгандарга айып сала албайт болчу. Мындан улам президент кол койгондон кийин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы сунушу киргизип, жол эрежелерине "самокат" деген терминди киргизүү каралып жатат. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз катчысы Байказы Айткул уулу билдирди.

"Декабрга чейин убакыт бар. Эгер мыйзам толук кандуу күчүнө кирсе биз самокат менен жол эрежелерин бузгандардын жоопкерчилигин айып пул менен карай алабыз. Буга чейин самокаттарды ижарага бергендерге да, самокатты ижарага алгандарга да түшүндүрүү иштерин гана жүргүзүп келгенбиз", - дейт ал.

Мыйзам күчүнө киргенден кийин самокат менен жол эрежесин бузгандарга расмий түрдө 1000 сомдон 3000 сомго чейин айып пул салынат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматы караганда, учурда Бишкекте жол эрежесин бузган кишинин 400гө жакын мопеди айып короо жайына киргизилген.

"Бүгүнкү күндө мопед, скутерлер менен жол унаа кырсыктары көбөйүп жаткандыгына байланыштуу бул багытта дагы рейддик иш-чаралар жүрүп жатат. Азыркы учурда Бишкек шаарынын аймагындагы 400гө жакын мопеддер айып короо жайына киргизилген. Алардын көпчүлүгү жеткирүү кызматында иштеген чет элдик жарандар. Алардын жанында эч кандай документтери жок. Коопсуздук эрежелерин сактаган коргоочу кийимдери да жок. Арасында өспүрүм балдар да көп. Алардын ата-энесин чыкыртып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз", - дешти Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17441