Эттин баасы көзөмөлгө алындыбы? "Ош базарынан" репортаж
RU

Эттин баасы көзөмөлгө алындыбы? "Ош базарынан" репортаж

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мындан эки апта мурун Kaktus.kg редакциясы эттин баасынын көтөрүлүшү тууралуу материал жасаган. Андан кийин эле Айыл-чарба министрлиги этти экспорттого убактылуу тыюу салган. Монополияга каршы кызмат баалар көзөмөлдөп жатканын айтып келет. 20-сентябрда биз кайрадан "Ош базарына" барып, этке болгон баа кандай көзөмөлдөнүп жатканын байкап көрдүк.

Сатуучулар эмне дейт?

Базардагы сатуучулардын көпчүлүгү баа байкалаарлык деле төмөндөтүлбөгөнүн, болгону 10-20 сомго арзандагандыгын айтышат.

"20 сомго арзандатышты. Бирок базардын сыртындагылар дүң бааны түшүрбөй жатышат. Бизге эт кымбатыраак келип жатат. Ошондуктан баягыдай эле сатылып жатат", - дейт бир сатуучу.

Ал эми экинчи сатуучу биринчиден айырмаланып арык малдын эти күндөн-күнгө ылдыйлап жатат дейт.

"Айырмачылык бар. Мисалы арык малдын эти - арзан. Андай эт бир, эки күндө эле суусун жоготуп, көлөмүн жоготуп калат. Семиз эттин баасы кымбат боюнча эле. Бирок, чындыгында эттин баасы түштү. Бул жерде билгени, билбегени бар. Этти түшүнгөнү бар, түшүнбөгөнү бар. Ачык айтыш керек. Эттин баасы түшүп жатат. Калп айтпасам күнүнө 20, 10 сомдон түшүп жатат", - дейт экинчи сатуучу.

Жарандардын пикири

Кардарлардын айтымында, сатуучулар этти базарга алып келген ортомчу жана дүң баада саткандар бааны ылдыйлатпай жатат. Сурамжылоого катышкандардын дээрлик бардыгы эт арзандабай жаткандыгын айтышып, өкмөт Монополияга каршы кызмат менен бирге чукул чара көрүшү керек дешет.

"Каяктагы арзандаган, эмне мурун 1000 сом беле? Азыр андан да кымбаттап жатпайбы! 660-600 болуп жатат. Арзаныңар ошобу? Негизи эт кымбат. Жылдан-жылга эт кымбаттагандан кымбаттап эле баратат. 530-520 сомдон алчу элек. Азыр 700-800сомго чыгып жатпайбы. Эмне кылабыз билбейм эми. Эт жебей калабыз го.

Билбейм. Мамлекет буга чара көрбөсө болбой калды. Бизге окшогон карапайым элге оор болуп жатат. Өкмөттөн суранабыз, Монополияга каршы кызмат кийлигишип болсо да бул маселени чечип беришсе жакшы болот эле", - дешет жарандар.

Эске салсак, сентябрь айынын башында өлкөдө эттин баасы кымбаттап жатканына элдин көпчүлүгү нааразычылык билдирип, редакцияга кайрылышкан. Мындан улам биз Монополияга каршы кызматтын мониторинги менен таанышып, "Ош базарындагы" эттин бааларын билип кайтканбыз.

Анда сатуучулар Кыргызстандагы эттин көпчүлүгү экспортко чыгып жаткандыгын айтып, көп өтпөй Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги убактылуу этти экспорттоого тыюу салган.

Бирок министрлик өлкөдөгү эттин кымбатташынын экспортко тиешеси жок экенин айткан болчу.

Министрликтин мониторинги базардагы баа менен туура келеби

19-сентябрда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымат таратып, Бишкек шаарындагы базарларда эттин баасына мониторинг жүргүзүлүп жатканын айтты. Анда 5-сентябрдан 18-сентябрга чейин Бишкек шаарындагы "Аламүдүн", Орто-Сай", "Ош базары" базарларында эт азыктарынын бааларына мониторинг жүргүзүлгөнү айтылат.

"5-сентябрдан тартып эт азыктарынын орто баасы билинбей күн сайын баа алмашып жатканына байланыштуу сатычуулар 30-20 сомго чейин бааны бирде өйдө, бирде төмөн коюп келген жана 18-сентябрдын мониторингинин жыйынтыгында эт азыктарынын баасы бүгүнкү күнгө карата туруктуу экендиги байкалды", - деп айтылат маалыматта.

Төмөндө Бишкектеги базарлардагы баалар келтирилген

Белгилей кетсек, ошол эле Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 4-сентябрда маалымат таратып, өлкөдөгү эттин баасынын өсүшү боюнча кооптонууга негиз жок экенин айткан. Бирок ал учурда базардагы эттин баалары кыска аралыкта 100 сомго кымбаттаганы айтылган. Бул учурда Монополияга каршы кызмат өлкөдө эттин баасы 10 сомго эле жогорулаганын белгилеп, айрым жерлерде эттин баасы бир калыпта өзгөрүлбөй турганын маалымдаган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17405