Кара-Көл шаарынын экс-мэри УКМК тарабынан кармалды
RU

Кара-Көл шаарынын экс-мэри УКМК тарабынан кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын экс-мэри бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу боюнча кармалды. Бул туурасында УКМКдан кабарлашты.

Мамкомитеттен Кара-Көл шаарынын мэриясынын кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Токтогул районунун Үч-Терек айылынан Кара-Көл шаарынын Кетмен-Төбө айылына чейинки узундугу 10 чакырымдан ашык суу түтүк тармагын куруу боюнча "К.Б." ЖЧКсы менен атайылап пайдасыз келишим түзүшкөн дешет.

"Натыйжада мурдагы суу түтүктөрү демонтаждалып, сатылып кеткен, ал эми жаңы тармакты куруу боюнча иштер сапатсыз аткарылып, түтүк өткөргүчтөр пайдаланууга жараксыз болуп, Кетмен-Төбө айылынын тургундары 10 жылдан ашык убакыттан бери ичүүчү таза суу менен камсыздалбай келишкендиги аныкталган", - деп айтылат билдирүүдө.

Анын негизинде 205-берененин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (ишенип берилген мүлктү өзгөчө ири өлчөмдө ыйгарып алуу жана коротуу) менен кылмыш иши козголуп, Кара-Көл шаарынын экс-мэри Е.И.М. кармалды.

Мындан тышкары E.И.M. Кара-Көл шаарынын мэри болуп иштеп турганда мыйзамсыз жол менен алынган мүлктү легалдаштырган деп шектелүүдө.

Учурда УКМК тарабынан кылмышка тиешеси бар башка адамдарды жана келтирилген зыянды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17386