"Төө-Ашууга" кар жаады, каттам ачык
RU

"Төө-Ашууга" кар жаады, каттам ачык

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 18-сентябрга карата Бишкек-Ош унаа жолунун "Төө-Ашуу" ашуусунда кар жаады. Бул туурасында Транспорт министрлиги билдирди.

Ведомствонун маалыматына караганда, таңкы саат 5:00терде кар жааган. Жол тейлөө ишканасы кардан тазалоо жана туз-кум аралашмасын чачуу иштерин жүргүздү.

Учурда аба ырайы жакшырууда. Унаалардын кыймылына эч кандай тоскоолдуктар жок.

Жеринде нөөмөт уюштурулуп, атайын жол техникалары менен камсыздалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17383