Чукул кабар! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот
RU

Чукул кабар! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 17-сентябрда жакынкы 1 саат аралыгында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болот. Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги катуу шамал учурунда электр чубалгыларынан, бак-дарактардан, жарнама калкандарынан алыс, коопсуз жайларда болууга чакырат.

Эгер кырсыкка кабылып же күбө болсоңуз 112 кызматына кабар берсеңиз болои. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17376