Кыргызстандык Миңжашар Мурзаев "Ну-ка, все вместе!" шоусунун жарым финалына өттү
RU

Кыргызстандык Миңжашар Мурзаев "Ну-ка, все вместе!" шоусунун жарым финалына өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык ырчы Миңжашар Мурзаев Россиянын "Ну-ка, все вместе!" музыкалык шоусунун 6-сезонунда жарым финалга чыкты.

Мурзаев Kiss ырын аткарып, мүмкүн болгон 100 добуштан 98 добушка ээ болуп, сынактын кийинки этабына өттү.

Миңжашар Мурзаев 1992-жылы 8-мартта Бишкекте төрөлүп, Чыгыш университетинде билим алган.

Белгилесек, буга чейин аталган шоуго ырчылар Бек Исраилов менен Азат Раимбердиев да катышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17347