Садыр Жапаров ишембиликке катышып, жарандарды тазалыкка чакырды
RU

Садыр Жапаров ишембиликке катышып, жарандарды тазалыкка чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда "Теплые ключи" дарылоо-ден соолукту чыңдоо комплексинин аймагында Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында ишембилик өткөрдү. Ага президенттик администрациянын, мамлекет башчынын иш башкармалыгынын жетекчилиги жана кызматкерлери катышты.

Президенттин администрациясынан комплекстин аймагы тазаланып, көрктөндүрүлгөнүн маалымдашты.

Ишембиликте Садыр Жапаров ар бир кыргызстандыкты тазалыкты жана тартипти сактоого чакырды.

"Өлкөбүзгө көбүрөөк туристтерди тартууга умтулсак, экономикабызды өнүктүрөбүз десек, өзүбүздөн башташыбыз керек. Бир сааттын ичинде кенедей жерден ушунча таштанды жыйналып жатканда, туристтик жагымдуулук тууралуу кантип сөз кыла алабыз. Тазалык – биздин айланабыздагы дүйнөгө жана өзүбүзгө болгон мамилебиздин көрсөткүчү болуп саналат. Ар бир эс алуучу өзүнөн кийин таштанды тергенди үйрөнүшү керек! Биз бүгүнкү күн менен жашабашыбыз керек, биз балдарыбызга эмне калтырабыз деп ойлонушубуз кажет", - деди президент.

Садыр Жапаров белгилегендей, ар бир эс алуучу өзүнөн кийин таштандыны жыйнап, коомдук жайларга, жаратылышка калтырбоого милдеттүү. Эгерде кимдир бирөө айланасынан таштандыны көрүп калса, жанынан өтүп кетпестен, чогултуп, жакынкы таштанды челекке алып баруу керектигин, мындай аракеттен эч ким булганып калбастыгын, тескерисинче, жарандардын жоопкерчилигин, камкордугун арттырарын баса белгиледи.

Президент балдарды курчап турган чөйрөгө аяр мамиле кылууга үйрөтүүнүн эң жакшы жолу – чоңдордун жеке үлгүсү экенин белгиледи.

Белгилесек, бүгүн, 14-сентябрда өлкөнүн бардык аймактарында ишембилик өттү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17343