Капотто отурган кызды видеого тартып, унаа башкарган бийкеч айыпка жыгылды
RU

Капотто отурган кызды видеого тартып, унаа башкарган бийкеч айыпка жыгылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бир эле учурда унаа айдап, капотто отурган кызды видеого тарткан айдоочу аныкталды. Белгилесек, эреже бузган жарандын видеосу социалдык тармактарга тараган.

Анда рулдагы кыз капотто отурган кызды видеого тартып бараткан.

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы окуя Бишкекте болгонун, кыздар табылып, чара көрүлгөнүн маалымады.

Айдоочуга ээнбаштык беренеси боюнча 15 миң сомго айып салынып, унаасы убактылуу жайга токтотулду. Ошондой эле түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү дешет башкармалыктан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17325