Азимбек Бекназаров кайрадан кармалды
RU

Азимбек Бекназаров кайрадан кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саясатчы Азимбек Бекназаров УКМК тарабынан кармалды. Бул туурасында анын уулу Руслан Бекназаров социалдык тармак аркылуу билдирди.

Айтымында, атасы бүгүн, 12-сентябрла убактылуу өкмөткө байланыштуу кармалды.

"УКМК атамды убактылуу өкмөттөгү ишине байланыштуу 2 жолу суракка алган, бүгүн дагы чакырып, камакка алышты. Иштин материалдары менен таанышкан жокмун, андыктан кеңири маалыматым жок. Бирок бир билгеним, кечээ атама Камчыбек Кыдыршаевич Ташиевдин жакын адамы чалып, кайра-кайра текст берип, "чыгарып койсун деп суранып жатат, ушуну чыгарса эле маселе бүтөт эле" дешти. Текстте эки негизги пункт бар болчу. Биринде "Кемпир-Абад маселеси боюнча жаңылыптырбыз, Кемпир-Абад боюнча материалдар менен таанышып чыктык, көрсө бул келишимден Кыргызстан чындап эле пайда көргөн экен" делсе, экинчисинде "Камчыбек Ташиевди Өзбекстандын баатыры деп ачууга алдырып айтып алыптырмын, бирок Камчыбек Ташиев чыныгы кыргыз баатыры экен" деген маанидеги текст болчу. Атам Кемпир-Абад боюнча материалдарды көрө электигин, андыктан мындай билдирүүнү чыгаруу туура эместигин айткан. Атам СИЗОдо отурганда аксакал катары саясий маселени саясий жол менен чечүүнү сунуштап, тараптар ынтымакка келели деген. Бирок атам бирөөнүн өтүнүчү менен башка бирөөнүн текстин жарыялоого караманча каршы болчу", - деди Руслан Бекназаров.

УКМКнын басма сөз кызматы Руслан Бекназаровдун билдирүүсү боюнча комментарий бере элек.

Эске салсак, 2021-жылдын апрель айында президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен УКМК Кадыржан Батыровдун өлкөдөн тоскоолдуксуз мыйзамсыз чыгып кетишине көмөктөшкөн Убактылуу өкмөттүн кызмат адамдарына карата "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча кылмыш ишин тергөөнү кайра баштаган. Азимбек Бекназаров 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17322