"Дөңгөлөктөрдү алмаштырыңыз!". Министирлик айдоочуларга эскертме берди
RU

"Дөңгөлөктөрдү алмаштырыңыз!". Министирлик айдоочуларга эскертме берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып алууга чакырды.

Министрликтин маалыматында, аба ырайынын өзгөрүшү менен буга чейин жер-жерлерде жаан, ал эми Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк, Долон сыңдуу ашууларда кыламык кар жааган учурлар байкалганы айтылган.

Мындан тишкары, алыс жолго сапар алган учурда музга туруштук бере турчу атайын чынжырча ала жүрүүнү, автоунаалар ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоону дагы кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17321