Көк бөрү федерациясы: Биздин улакчылар мыкты экенин далилдеди
RU

Көк бөрү федерациясы: Биздин улакчылар мыкты экенин далилдеди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарындагы жер улак (көк пар) боюнча финалдык беттеш нааразычылык менен коштолду. Оюнда Кыргызстандын курамасы Казакстан менен беттеш өткөрүп, андагы казак оюнчусунун атаандашына камчы салганы, калыстын аракети катуу сын жаратты.

Учурда мунун айланасында талкуулар кызып, сын-пикирлер айтылууда. Кыргызстандын көк бөрү федерациясы финалдык оюн боюнча билдирүү жасады.

"Кыргызстан мыкты курамы менен Көчмөндөр оюндарынын жер улагына келди. Биз калыстык жактан адилетсиздик болорун билсек да келдик. Ошондуктан келген күндөн баштап эле уюштуруучуларга адилет, калыс оюн куруп бергиле деп улам-улам айтып келе жатканыбызды эми түшүнүп жатсаңыздар керек.

Катышпай коюу тууралуу ойлонгон да жокпуз. Себеби, Көчмөдөр оюндары биздин өлкөдө негизделген соң Кыргызстан бардык спортуна катышабыз деп келгенбиз. Биздин аттар жана балдар күчтүү экенин атаандаштар жакшы билишет. Бизди токтотуунун бир гана жолу бар эле, тилекке каршы уюштуруучулар ошол жол менен кетишти.

Биз чөкпөйбүз, өлкөбүзгө башты бийик көтөрүп кирип барабыз! Анткени, Кыргызстандын жер улакчылары теңдешкис мыкты экендигин бүт ааламга далилдеди", - деп айтылат билдирүүдө.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк пар боюнча Казакстан 1-орунду, Кыргызстан 2-орунду, Россия 3-орунду ээледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17316