Ноокатта жол курулушута иштеген жумушчу каза болду
RU

Ноокатта жол курулушута иштеген жумушчу каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош-Разаков унаа жолунда иштеген жумушчу каза тапты. Аны бетон плита басып калганын редакцияга Ош облустук ички иштер башкармалыгынан ырасташты.

Маалым болгондой, 12-сентябрда Ноокат РИИБине Ош-Разаков унаа жолунун эски көпүрөсүн бузуу иштери жүргүзүлүп жаткан учурда 54 жаштагы жумушчуну бетон плитанын бир бөлүгү басып, каза болгону маалымдалган. Каза болгон киши Зулпуев айыл аймагынын 1970-жылы туулган А.Т. аттуу тургуну экени такталган. Ал бетон плитаны өзү кесип жатканда кырсыкка учураган.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланууда.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: ӨКМнын архиви.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17314