14 жылдан бери иштебей турган кыргыз-өзбек чек арасындагы пункт ишке кирди
RU

14 жылдан бери иштебей турган кыргыз-өзбек чек арасындагы пункт ишке кирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасында жайгашкан "Кара-Суу унаажол" көзөмөлдөө-өткөрүү пункту кайрадан ишке кирди. Иш-чарага Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышканын Министрлер кабинетинен кабарлашты.

Бакыт Төрөбаев чек арадагы пункттун кайрадан ишке киргизилиши – эки өлкөнүн президенттеринин чечкиндүү саясий кадамдарынын негизинде аткарылганын айтты.

"Буга чейин көп убакыт кезекте туруп "Достук-унаажол" көзөмөлдөө-өткөрүү пункту аркылуу өтүп келген Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандарынын бир бөлүгүнө "Кара-Суу – унаажол" көзөмөлдөө-өткөрүү пункту аркылуу өтүүгө шарт түзүлөт. Өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын бири – бул эл аралык өткөрүү пункттарынын ишин жандандыруу жана жарандардын мамлекеттик чек ара аркылуу өтүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү", – деди Төрөбаев.

"Кара-Суу – унаажол" көзөмөлдөө-өткөрүү пункту – Кыргызстан тараптан Ош облусунун Кара-Суу шаарынын аймагында, ал эми Өзбекстан тараптан Андижан облусунда жайгашкан. Көзөмөлдөө-өткөрүү пункту мындан 14 жыл мурда убактылуу иштебей калган. Учурда кайрадан ишке киргизилген бул пункт бардык талаптарга жооп берет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17312