Бишкекте райондук бөлүмдө иштеген милиция тергөөчүгө тапанча такаган
RU

Бишкекте райондук бөлүмдө иштеген милиция тергөөчүгө тапанча такаган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнө тапанча такады. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо кызматкерлери билдиришти.

Алардын маалыматына караганда, кечээ, 10-сентябрда ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү кесиптештери менен кылмыш ишинде далил буюм катары саналган унааны алуу үчүн кичи райондордун бирине барган.

Унааны алып кетерде кожоюндун баласы сыртка чуркап чыккан. Ал Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү А.Ж. болгон. Тергөөчү ИИМдин Тергөө башкармалыгынын кызматкерине кызматтык тапанчасын такаган.

Окуя болгон жерге Октябрь РИИБдиин ыкчам тобу барышкан. Учурда ИИМдин Тергөө башкармалыгы А.Ж`га карата кылмыш ишин козгоону кароодо. ИИМдин ички иликтөө кызматы да текшерүү баштаганы маалым болду.

Кийинчерээк бул факты боюнча Ички иштер министрлигинен төмөнкүдөй комментарий беришти.

"10-сентябрда Бишкек шаарынын конуштарынын биринде жайгашкан үйдө ИИМдин Башкы тергөө кызматынын тергөөчүлөрү тарабынан кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлгөн.

Тергөө амалдарын жүрүшүндө үй ээси менен милиция кызматкерлеринин ортосунда пикир келишпестиктер болгон. Үй ээси унааны өрттөп салуу ниетин билдирген.

Окуя болгон жерге Бишкектин Октябрь РИИБинен тергөө ыкчам тобу барган. Ошондой эле тергөө иштери жүргүзүлүп жаткан үйгө милиция кызматкери, үй ээсинин тууганы келген. Учурда ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан тергөөчүгө карата тапанча менен коркутуу болгон, болбогону боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат", - дешти мекемеден.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: pixabay.com.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17297