Кыргызстан менен Өзбекстандын футболдук беттеши 2:3 менен аяктады
RU

Кыргызстан менен Өзбекстандын футболдук беттеши 2:3 менен аяктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 10-сентябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Өзбекстандын футболдук беттеши орун алды. Оюндар 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугуна тандоо раундунун 3-турунун алкагында өттү.

Беттештин алдында Кыргызстандын футбол союзу кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда шоу уюштурду.

Кыргызстанга биринчи голду Жоэль Кожо алып келсе, экинчи голду Одилжон Абдрахманов жаратты. Көп узабай эле атаандаштар эсепти теңеп, оюндун биринчи бөлүгү 2:2 менен аяктады.

Экинчи таймда атаандаштар эсеп санын 2:3 кылып өзгөртүп, жеңишти камсыздашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17284