Дин иштери боюнча комиссияга директор дайындалды
RU

Дин иштери боюнча комиссияга директор дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору болуп Азамат Юсупов дайындалды. Бул туурасында президенттин администрациясынан кабарлашты.

Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Азамат Юсупов мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору болуп дайындалды.

Буга чейин аталган мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаров берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17282