Прокурордун жардамчысы менен адвокат кармалды. Бири пара берүүгө, бири алууга шектелди
RU

Прокурордун жардамчысы менен адвокат кармалды. Бири пара берүүгө, бири алууга шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Жайыл районунун прокурорунун жардамчысы жана жактоочу пара менен кармалды. УКМКнын маалыматында адвокат пара берүүгө, прокурордун жардамчысы пара алууга шектелүүдө.

Белгилүү болгондой, Башкы прокуратуранын Ички иликтөө башкармалыгы менен биргеликте тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлгөн.

"Кылмыш ишинин фигурантынан 80 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алган Ш.Н.Ж. аттуу жактоочу кармалган. Ал каражатты Жайыл районунун прокурорунун жардамчысы О.Н.Сга кылмыш ишинин беренелерин анча оор эмес беренеге жеңилдеткендиги үчүн пара катары өткөрүп берген", - дешет комитеттен.

Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен адвокат Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (пара берүү) менен, прокурордун жардамчысы Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (пара алуу) менен айыпталды.

Учурда УКМК тарабынан аталган кылмышты жасоого башка адамдардын катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17279