Көчмөндөр оюндары: Көк пар боюнча команда финалга чыкты
RU

Көчмөндөр оюндары: Көк пар боюнча команда финалга чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын көк пар командасы финалга чыкты. Бүгүн, 10-сентябрда жарым финалдык мелдеште кыргызстандыктар Түркиянын командасын 15:1 эсебинде жеңип алды.

Финалда кыргыз командасы ким менен беттеше турганы эртеңки Казакстан менен Россиянын жарым финалдык оюнунун жыйынтыгына жараша чечилет.

Ал эми Казакстан чейрек финалда АКШдан келген атаандаштарын 12:4 эсебинде утуп алды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17277