Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук фактылары көбөйдү
RU

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук фактылары көбөйдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда жети айда 8 миң 956 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалыматында айтылат.

Былтыркы жылдын жети айына салыштырмалуу 1622 факты же үй-бүлөлүк зомбулук 22,1%га көп катталган.

Зордук-зомбулукка күнөөлүүлөргө 7985 убактылуу коргоо ордери берилген, анын ичинен 7599 (95,2%) эркектерге, 386 (4,8%) аялдарга.

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга 7985 убактылуу коргоо ордери берилген:

  • аялдар – 7432;
  • эркектер - 375;
  • балдар - 178.

КР Кылмыш-жаза кодексинин "Үй-бүлөлүк зомбулук" беренеси боюнча 2473 протокол түзүлүп, анын 2324ү сотко жөнөтүлгөн. Натыйжада 828 адам коомдук жумуштарга тартылып, 1154 адам камакка алынган.

Ошол эле учурда Кыргызстанда жети айдын ичинде үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча 317, адам өлтүрүү боюнча 19 кылмыш иши козголгон.

Башы беттеги сүрөт: иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17273