УКМК: Женгонун кылмыштуу тобунун мүчөсү чек арадан кармалды
RU

УКМК: Женгонун кылмыштуу тобунун мүчөсү чек арадан кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кримавторитет Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсүн кармады. Комитеттен маалымдашкандай, ал өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган.

Билдирүүдө 2-сентябрда "Ак-Жол унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү жайынан 1992-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну А.У.Ж кармалганы айтылат. Ал Женго каймана аты менен белгилүү криминалдык төбөл Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү жана мурда киши өлтүрүү боюнча соттолгон дешет комитеттен.

"Уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүүнүн алкагында Жалал-Абад облусунда 2023-жылдын октябрь айында криминалдык кошуундарды аныктоо, бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча масштабдуу иш-чаралардын алкагында тинтүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын алкагында А.У.Ж.нын жашаган жеринен жашыруун алып жүрүү үчүн конструкциясы өзгөртүлгөн ок атуучу курал, ошондой эле ок-дарылар табылган. Ошол кезде А.У.Ж. укук коргоо органдарынан качып кетүүгө үлгүргөн", - деп айтылат маалыматта.

Учурда кармалган жаран Жалал-Абад шаарындагы УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17257