Сокулукта турак үй күйдү
RU

Сокулукта турак үй күйдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Военно-Антоновка айылындагы турак үй күйүп кетти. ӨКМдан кабарлашкандай, 8-сентябрда үйдөн өрт чыгып, газ баллон жарылганы маалымдалган.

Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 20:50дө 1 күжүрмөн эсеп тартылып, саат 21:11де дагы 1 эсеп тартылган. Өрт саат 21:57дө чектөөгө алынып, саат 23:57де толук өчүрүлгөн.

Бактыга жараша, кырсыктан эч ким жабыркаган жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17254