УКМК уюшкан кылмыштуу топтун Киборг каймана аты бар мүчөсүн кармады
RU

УКМК уюшкан кылмыштуу топтун Киборг каймана аты бар мүчөсүн кармады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Киборг каймана аттуу мүчөсү кармалды. Мамлекеттик комитет тараткан маалыматта ал опузалап талап кылуу менен алектенгени айтылат.

"Киборг каймана аты бар кыргыз жараны М.Н.М. Камчы Көлбаевдин (Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү. Көлбаев жана Сапа каймана аттуу Балыкчы шаарынын "смотрящийи" С.С. менен тыгыз байланышта болгон.

Ал "уурулардын казынасын" толтуруу жана жеке баюу максатында, тапанча колдонуп, опузалап акча талап кылган жана мыйзамсыз түрдө олуттуу финансылык каражаттарды жана кыймылдуу мүлктөрдү ээлеп алгандыгы аныкталган", - дешет комитеттен.

Кылмыштуу топтун мүчөсү Бишкек шаарынын аймагында кармалып, жанынан Макаров травматикалык тапанчасы табылган.

Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам иликтөө иш-чаралары уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17242