Москвага барган жүргүнчүлөрдүн аэропортто сааттап кармалышы боюнча элчиликтин маалыматы
RU

Москвага барган жүргүнчүлөрдүн аэропортто сааттап кармалышы боюнча элчиликтин маалыматы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек-Москва рейсинин жүргүнчүлөрү "Шереметьево" аэропортунда бир нече саат кармалып, шаарга киргизилбей жатканы 6-сентябрда маалым болгон. Аталган жагдай боюнча Кыргызстандын Россиядагы элчилиги комментарий берди.

Маалымдалгандай, элчиликтин кызматкерлери Москванын аэропортторуна - "Шереметьево", "Домодедово", "Внуководо" бир нече ирет сапарларды жасап, Россиянын Коопсуздук федералдык кызматынын чек ара кызматынын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү.

Орус тарап чет өлкөлүк жарандарды мамлекеттик чек арадан өткөрбөө жана узакка созулган текшерүүлөр коопсуздук чараларын жана антитеррордук коргоо чараларын күчөтүү менен байланыштуу экенин билдирген.

"Өз кезегинде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана элчилик Россиянын Тышкы иштер министрлигине тиешелүү ноталарды жөнөтүп, бир нече жолу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Аэропортто жарандар жана "Аэрофлот" авиакомпаниясынын жетекчилиги менен байланыш түзүлүп, алардан Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюу салынган Кыргызстандын жарандарын кийинки рейс менен мекенине жөнөтүүнү, ошондой эле ысык тамак менен камсыздоону уюштуруу өтүнүчү билдирилди", - дешти элчиликтен.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жарандарына күчөтүлгөн коопсуздук чаралары алынганга чейин Россияга баруудан убактылуу баш тартууну бир нече жолу сунуштаган. Жогорудагы маселе Тышкы иштер министрлиги менен элчиликтин көзөмөлүндө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17239