Милиция Бишкектеги сауна, мейманканаларды текшерүүгө алды
RU

Милиция Бишкектеги сауна, мейманканаларды текшерүүгө алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте "Притон-Көпөлөк" аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүлүүдө. Ленин РИИБден кабарлашкандай, рейддин максаты интимдик кызмат көрсөткөн адамдарды жана сойкукана түзүүгө тиешеси бар жарандарды аныктоо.

"Рейддин алкагында милиция кызматкерлери 6,7-сентябрь күндөрү мүмкүн болгон сексуалдык кызмат көрсөткөн жайларды - сауналар, мейманканалар, ижарага алынган батирлерди текшерүүгө алды. Бир түндө милиция бөлүмүнө сексуалдык кызмат көрсөткөн 8 кыз жеткирилген", - дешет бөлүмдөн.

Белгиленгендей, интимдик кызмат көрсөткөн адамдарды жана сойкуканаларды аныктоо боюнча иштер улантылып, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат.

Ленин РИИБден интимдик кызмат көрсөтүү менен алектенген адамдар же жайлар тууралуу маалымат билген болсо кабар берүүнү суранат. Байланыш номерлери: Whatsapp 0(701) 700-251, 0(312) 43-73-75 жана 102. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17234