Бекбосун Жайчыбековду узатуу зыйнаты Бишкекте өтөт
RU

Бекбосун Жайчыбековду узатуу зыйнаты Бишкекте өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, мамлекеттик туусунун авторлорунун бири, "Даңк" медалынын ээси Бекбосун Жайчыбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 8-сентябрда өтөт. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Маркумду узатуу зыйнаты 8-сентябрда саат 10:00дө А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.

Белгилесек, Бекбосун Жайчыбеков 6-сентябрда узакка созулган оорудан улам көз жумду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17232