Бишкек-Москва багыты боюнча поезд каттамын жандандыруу пландалууда
RU

Бишкек-Москва багыты боюнча поезд каттамын жандандыруу пландалууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек-Москва багыты боюнча эл аралык жүргүнчүлөрдү ташуучу поезд каттамын 2025-жылда жандандыруу пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинен билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, COVID-19га байланыштуу чектөөлөр киргизилгенден кийин Бишкектен Москвага эл аралык жүргүнчүлөрдү ташуучу поезд каттабай калган. Пандемиядан кийин Самара (Россия) станциясына темир жол каттамдары жанданган.

"Пандемиядан кийин Москва темир жол түйүнүн масштабдуу реконструкциялоо иштери башталып, Москвага жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин каттамдары Кыргызстанда гана эмес, КМШнын башка өлкөлөрүндө да убактылуу токтотулган. 2025-жылга карата эл аралык жүргүнчүлөрдү ташууну калыбына келтирүүнү пландаштырууда", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17230