Кыргыз-Түрк ооруканасына Режеп Тайып Эрдогандын ысымы берилди
RU

Кыргыз-Түрк ооруканасына Режеп Тайып Эрдогандын ысымы берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Бишкектеги Кыргыз-Түрк достугу мамлекеттик ооруканасына Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын аты ыйгарылды. Бул туурасында президенттин администрациясынан кабарлашты.

Маалымдалгандай, кыргыз-түрк мамилелерин чыңдоого жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымын таануу иретинде түрк лидеринин ысымы ооруканага берилди.

Мындан ары медициналык борбор "Режеп Тайып Эрдоган атындагы Бишкек Кыргыз-Түрк достугу мамлекеттик ооруканасы" деп аталат.

Бүгүнкү күндө дарылоо мекемеси коммерциялык эмес уюм болуп саналат.

"Эки өлкөнүн достук ооруканасы ачылгандан бери өлкөнүн калкы медициналык кызматтардын жогорку технологиялуу түрлөрүн алууга мүмкүнчүлүк алышты", - деп айтылат маалыматта.

Медициналык борбордун түзүмү төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • медициналык тез жардам кызматы
  • анестезия бөлүмү
  • терапевттик бөлүм
  • гастроэнтерология
  • жалпы хирургия
  • пульмонология
  • жүрөк-кан тамыр хирургиясы
  • кардиология бөлүмдөрү
  • поликлиника жана радиология бөлүмү

Оорукана калкка медициналык кызмат көрсөтүүдөн тышкары, илимий иштерди да жүргүзөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17223