Бишкектеги троллейбустарды Ошто каттамга чыгаруу каралууда
RU

Бишкектеги троллейбустарды Ошто каттамга чыгаруу каралууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги троллейбустардын алгачкы партиясы Ош шаарына жеткириилди. Ош шаардык мэриядан билдиргендей, калаа башчысы Бакытбек Жетигенов транспортторду көрүп чыкты.

Жалпысынан Ош шаарына 100 троллейбус жеткирилет, учурда 6 транспорт барды. Кийинки жумада дагы 10 троллейбусту алып келүү күтүлүүдө.

Мэриядан белгилешкендей, троллейбустарды шаардын батыш бөлүгүндөгү кичи райондорго каттамга чыгаруу болжолдонууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17218