Таксисттер менен курьерлер 1-январга чейин ККМди милдеттүү пайдалануудан бошотулду
RU

Таксисттер менен курьерлер 1-январга чейин ККМди милдеттүү пайдалануудан бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда таксисттер менен курьерлер 2025-жылдын ККМди милдеттүү пайдалануудан бошотулат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Маалыматта, министрлер кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы токтомуна ылайык, салык төлөөчүлөр үчүн контролдук-кассалык машиналарды колдонуу бөлүгүндө бир катар өзгөртүүлөр киргизилгени айтылган. Ага ылайык, жеңил транспортто жүргүнчүлөрдү ташуу жана товарларды жеткирүү кызматтарын көрсөткөн салык төлөөчүлөр 2025-жылдын 1-январына чейин ККМди милдеттүү пайдалануудан бошотулат.

Мындан сырткары, интернет аркылуу товарларды саткан же кызмат көрсөткөн ишкерлер 2024-жылдын 1-ноябрына чейин ККМди колдонбосо болот.

Ошондой эле контролдук-кассалык машиналарга аванстар жана кредиттер боюнча эсептөө функцияларын киргизүү мөөнөтү 2025-жылдын 1-январына чейин узартылганы белгиленди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17213