"Манас" аэропортунда бомба бар деген маалыматтан улам эл сыртка чыгарылды
RU

"Манас" аэропортунда бомба бар деген маалыматтан улам эл сыртка чыгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 5-сентябрда "Манас" аэропортунда бомба бар деген маалымат түшкөн.

Басма сөз кызматы билдиргендей, бомба боюнча билдирүү саат 17:00дөр чамасында келип түшкөн. Имараттан баары сыртка чыгарылып, аймак курчоого алынган. Бирок, тинтүүдөн кийин билдирүү жалган болуп чыккан.

Аэропорт болжол менен саат 17:40та ишин жанданткан. Учурда ал кадимки режимде иштеп жатат, жүргүнчүлөрдү каттоо жана каттамдар график боюнча аткарылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17212