Май куючу жайда жарандар менен кармашкан милициялардын видеосу. Окуянын чоо-жайы
RU

Май куючу жайда жарандар менен кармашкан милициялардын видеосу. Окуянын чоо-жайы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарга милиция кызматкерлери белгисиз адамды соккулап жаткан видео тарады. Кадрдан алгач эки кызматкер жерде жаткан кишини уруп жатканын, андан кийин башка адам токтотууга аракет кылганын байкоого болот. Натыйжада алардын жаңжалы уланып кеткен.

Бул окуя 3-сентябрда Бишкектин Махатма Ганди көчөсүндө болгонун шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

"Ошол күнү саат 22:30 чамасында Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери Nissan Primera үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Айдоочунун мас абалда экенин аныкташып, спирт ичимдигин ичкенин тастыктоо үчүн Республикалык наркологиялык борборго барууну суранышкан. Бирок айдоочу милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, өзүн агрессивдүү көрсөткөн. Мындан улам кайгуул кызматкерлери тарабынан күжүрмөн самбо ыкмалары колдонулган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында айдоочунун алкоголдук ичимдик ичкени аныкталган", - дешет башкармалыктан.

Айдоочуга карата Укук бузуулар кодексинин 193-беренесине (мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу, мас абалындагы адамга транспорт каражатын башкарууну өткөрүп берүү) ылайык протокол түзүлдү. Мындан тышкары айдоочунун жанындагы жүргүнчүгө карата Укук бузуулар кодексинин 126-беренесинин негизинде протокол түзүлүп, соттун токтому менен 3 күнгө камакка алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17211