Президент: "Аскар Акаевге экс макамды берүү Жогорку Кеңештин иши"
RU

Президент: "Аскар Акаевге экс макамды берүү Жогорку Кеңештин иши"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аскар Акаев Кыргыз Республикасынын экс-президенти статусун калыбына келтирүү үчүн Жогорку Кеңешке тиешелүү кат менен кайрылды. Президент Садыр Жапаров "Акаевге экс макамы берилеби, жокпу деген" талкууларга "Кабар" агенттиги аркылуу жооп берди.

"Ал Жогорку Кеңештин өзүнүн иши. Экс макамын береби жокпу ал Жогорку Кеңештин мыйзамдуу укугу.

Экс макамын алуу дагы, экс макамын берүү дагы Жогорку Кеңешке таандык. Мен көз карашымды айта албаймын.

Жогорку Кеңеш өзү билсин. Биз бирөө жарымды бер же бербе деп айтпайбыз. Мыйзамдуу жагын карап көрүшсүн. Мыйзамдарды көзөмөлдөш Жогорку Кеңештин милдети", - деди президент.

Садыр Жапаров экс макам боюнча Аскар Акаев менен макулдашып, кеңешпегенин белгилеп кетти.

"Негизи ар бир жаран өзүнүн укугун коргош үчүн же болбосо кандайдыр бир мыйзамдуу талаптарын калыбына келтириш үчүн мамлекеттик бийлик бутактарына кайрылууга толук укуктуу. Аны бирөө жарым менен кеңешип олтуруштун же менин макулдугумду алыштын кереги жок. Өз укугунан пайдаланып арыз берди деп билдим", - дейт.

Эгер Жогорку Кеңеш Аскар Акаевге суранган макамын кайтарып берсе бул мамлекеттик бюджетке кошумча чыгымдарды алып келбейби деген суроо да коюлду.

"Менин оюмча Аскар Акаев тарыхта экс болуп атым калсын деген ой менен арыз берди окшойт.

Аскар Акаев 80 жашка чыкты. Өсөрү калган жок, өлөрү калды дейт эмеспи.

Ал кишини пенсия, күзөт жана башкалар кызыктырбайт го деп ойлойм. Азыр деле күзөтсүз эле ээн эркин жүрбөйбү", - деген пикирин айтты Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17210