Мелис Турганбаев Күрөш федерациясынын жетекчилигинен кетти
RU

Мелис Турганбаев Күрөш федерациясынын жетекчилигинен кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурдагы ички иштер министри, Азия бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун бюро мүчөсү, ардагерлер арасында дүйнө чемпиону Мелис Турганбаев Кыргызстандын Күрөш федерациясынын жетекчилигинен кетти. Ал социалдык тармакка коштошуу постун жазды.

"Ар нерсенин өз учуру болот эмеспи. 26 жылдан бери федерациянын жүгүн көтөрүп келгендиктен, жаштарга кезек берүү максатында аларга жол бошотуп, федерация жетекчилигинен кетүү чечимин кабыл алдым.

Бирок бала кезден бери күрөш дүйнөсүндө өсүп-жетилип, ушул даражага жетишиме себепкер болгон спорт чөйрөсүнөн биротоло кетпей, жаштарга эл аралык деңгээлде кеңештеримди айтып, бай тажырыйбамды бөлүшүп турам", - деди Мелис Турганбаев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17195