Министрлик "Азаттыкка" катуу эскертүү берди
RU

Министрлик "Азаттыкка" катуу эскертүү берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кыргыз кызматына катуу эскертүү берди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов Facebook баракчасына жазды.

Министрликтин бул чечимине аталган медианын жалган маалыматтарды - "Мамлекет башчысы Садыр Жапаровго шайлоо өнөктүгү учурунда маркум Евгений Пригожиндин жакын адамдары жардам берген" деген чындыкка коошпогон маалыматтарды таркатуусу себеп болгону белгиленет.

"Өз кезегинде дүйнөлүк аудиториясы бар "Азаттык" радиосунун ушак, айың кеп деңгээлиндеги маалыматтарды жайылтуусун терең өкүнүү менен белгилеп, бул ал жакта эмгектенген кызматкерлердин кесипкөйлүгүнө көлөкө түшүрөт деп эсептейм.

Эгерде бул материал "Азаттыктын" Кыргызстандын жогорку жетекчилигин атайылап каралоого багытталган редакциялык саясатынын бир бөлүгү болсо, анда күн тартибине ушундай медиа бизге керекпи деген маселе чыгышы мүмкүн", - деп жазды өлкө башчынын маалымат катчысы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17190