Депутат жоолук салынган окуучу кыздардын маселесин көзөмөлгө алууну суранды
RU

Депутат жоолук салынган окуучу кыздардын маселесин көзөмөлгө алууну суранды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Жалолидин Нурбаев мамлекеттик органдардан жоолук салынган мектеп окуучуларынын маселесин көзөмөлгө алууну суранды. Эл өкүлү Жогорку Кеңештин 4-сентябрдагы жыйынында анча-мынча мугалимдер кыздардын жоолугуна асылып жатат дейт.

"Кыздарыбыздын жоолуктарына асылып, коомчулукта терс пикирлерди жаратууда. Буга юридикалык баа берүүнү өтүнөм. Билим берүү министрлиги, прокуратура менен кайсы мектептерде ушундай болуп жатканын аныктап чыгышы керек. Биз алардын конституциялык укуктарын коргошубуз керек. Ушул маселени тыкыр көзөмөлгө алууңуздарды суранам", - деп президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.

Буга чейин социалдык тармактарда билим берүү мекемелеринде окуучу кыздарды жоолуктарын чечүүгө мажбурлап жатканы боюнча маалыматтар пайда болгон. Бирок Билим берүү министрлиги муну четке каккан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17182