Таласта кой кайтарган видеосу тараган балага ИИМ белектерди тапшырды
RU

Таласта кой кайтарган видеосу тараган балага ИИМ белектерди тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас облусунун Шекер айылында кой кайтарган видеосу тараган балага Ички иштер министрлигинен белектер тапшырылды. ИИМдин маалымат кызматынан белгилешкендей, 10 жаштагы Бектурган келечекте милиция кызматкери болууну кыялданарын билдирген.

Бул тууралуу билген милиция кызматкерлери мектеп окуучусуна жагымдуу маанай тартуулап, белек берүүнү чечкен.

Ички иштер министринин атынан Бектурганга белектер тапшырылып, келечекте өз элине кызмат кылган татыктуу милиция кызматкери болууну каалашты.

Белгилесек, 10 жаштагы Бектургандын Казакстан менен чектеш жерде мал кайтарып жүргөн видеосу социалдык тармакка кеңири тарап, коомчулукта резонанс жараткан. Кийинчерек Бектурган ата-энесине жардам берип, мал жайып жүргөнүн айткан.

Маданияттын эмгек сиңирген ишмери Ассоль Молдокматова баланын ата-энесин таап, алардын уруксаты менен Бектурганды шаарга алдырган. Молдокматова Бектурганга кийим-кече алып берип, дарыгерлерге көрсөтөрүн билдирген. Өз кезегинде Бектурган Бишкекте окугусу келгендигин айткан. Учурда ал Бишкек шаарындагы мектептердин бирине которулуп, билим алып жатканы белгилүү болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17181