Кыргызстандык Асан Жанышов өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпиону болду
RU

Кыргызстандык Асан Жанышов өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпиону болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Испанияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Асан Жанышов алтын утту.

Жанышов 20 жашка чейинки балдар арасында 87 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, беттешин 1/8 финалдан баштады. Ал Грузия, Швеция жана Румыниядан келген атаандаштарын үч жолу катары менен жеңип, финалга чыга алды.

Чечүүчү беттеште кыргызстандык балбан азербайжандык Жожа Самадовду 8:0 эсебинде жеңип, өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпиону болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17178