"Ыйман Нуру" фракциясына Динара Ашимова лидер болду
RU

"Ыйман Нуру" фракциясына Динара Ашимова лидер болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин "Ыйман Нуру" фракциясынын лидери болуп Динара Ашимова шайланды.

Парламенттин бүгүн, 4-сентябрдагы жыйынында фракция депутаты Султанбай Айжигитов мурдагы лидер Нуржигит Кадырбеков өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшырганын эске салды. Буга байланыштуу фракцияга жаңы лидер шайланганын белгиледи.

Белгилесек, Нуржигит Кадырбеков мандатын өз каалоосу менен тапшыруу үчүн арыз жазып, 30-августта БШК Кадырбековдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17176