Кыргызстанда чет элдик жарандарды каттоонун тартиби өзгөрөт
RU

Кыргызстанда чет элдик жарандарды каттоонун тартиби өзгөрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанга визасыз режимде келген чет элдиктерди каттоонун тартибине 5-сентябрдан тартып өзгөртүүлөр киргизилет. Санариптик өнүктүрүү министрлигинен кабарлашкандай, өзгөртүүлөр Министрлер кабинетинин "Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү маселелери жөнүндө" токтому күчүнө кирет.

Токтомго ылайык, Азербайжан, Армения, Беларусь, Грузия, Казакстан, Молдова, Росссия, Тажикстандын жарандары Кыргызстандын аймагында жеке иштери менен - окуу, иш сапар, жумуштан тышкары 60 күндөн ашуун убакта визасыз жүрүшү үчүн төмөнкү документтердин бири болууга тийиш:

  • туруктуу жашоого уруксат кагазы
  • жарандыгы жоктугу тууралуу күбөлүк
  • "Кайрылман" күбөлүгү
  • "Мекен карт" күбөлүгү

Мурда жогорудагы документтер аталган өлкөлөрдүн жарандарынан Кыргызстанда алты айдан ашуун убакыт жүргөндө гана талап кылынчу.

Ошентип ЕАЭБке мүчө мамлекеттердин (Армения, Беларусь, Казакстан, Россия) жарандары өлкөгө кирген учурдан тартып ар бир 180 күндүк мезгил ичинде документтерди тариздебей дээрлик 90 күнгө чейин жүрө алышат.

Тажикстандын, Грузиянын, Азербайжандын жана Молдованын жарандары өлкөгө кирген учурдан тартып ар бир 60 күндүн ичинде документтерди каттабай жалпысынан 120 күнгө чейин жүрө алышат.

Кыргыз Республикасынын аймагында 60 же 90 күн болгондон кийин каттоодон өтпөгөн жарандар Кыргыз Республикасынын чегинен чыгууга милдеттүү болушат жана тиешелүү түрдө 60 же 90 календардык күндөн кийин Кыргыз Республикасынын аймагына кайра кире алышат.

Жогорудагы токтом менен Кыргызстадын аймагында жеке максаттарда жүргөн жарандар үчүн убактылуу жашап турууга уруксатты тариздөө жана берүү каралган. Ал 15 жумушчу күндүн ичинде 1 жылга жарактуу мөөнөтү менен, андан кийин жыл сайын, бирок 5 жылдан ашык эмес узартуу менен берилет.

Мыйзамдарга ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагына кирген күндөн тартып белгилүү бир мөөнөткө милдеттүү каттоодон төмөнкү өлкөлөрдүн жарандары бошотулат:

  • Россия, Казакстан, Беларусь, Армения – 30 күн
  • Тажикстан – 60 күн
  • Азербайжан – 15 күн
  • Грузия – 90 күн

Молдованын жарандары Кыргыз Республикасынын аймагына кирген күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде каттоодон өтүүгө милдеттүү.

Суроолор боюнча Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин миграция бөлүмүнө 0312380098, WhatsApp номерине 0999380025, @drndigital Телеграм каналына же 119 Колл-борборго (чалуулар акысыз) телефон аркыруу кайрылса болот.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: migranto.ru.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17171